БИШКЕК, 16-июл. — Sputnik. Бразилиядагы жайкы Олимпиада оюндарында жарыштан четтеп калган кыргыз спортчулары эртең Бишкекке келет. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттиги билдирди.
Марафончулар Дарья Маслова, Юлия Андреева, Мария Коробицкая жана дзюдочу Юрий Краковецкийлер Олимпиадада ийгилик жарата алган жок.
Спортчулар 17-август күнү саат 09:00дө "Манас" аэропортуна конот.
Эске сала кетсек, Риодогу Олимпиадада кыргызстандык спортчулардын арасынан азырынча бир гана оор атлетчи Иззат Артыковго ийгилик жылмайып, коло медалга ээ болгон.