00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
11:55
1 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:00
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:00
4 мин
Ежедневные новости
18:00
5 мин
Жаңылыктар
19:00
5 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Такие универсальные куклы: друг для взрослого, элемент коллекции или украшение на елку
08:05
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Рыноктогу адилеттүү атаандаштык: Монополияга каршы кызматтын 2025-жылдагы ишмердүүлүгү
09:05
51 мин
On air
09:56
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:00
3 мин
Тема дня
Экономические итоги года в Кыргызстане — рекордный рост ВВП и борьба с коррупцией
10:04
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Жаш кадрларга көмөк – ветеринарларды колдогон атайын долбоор ишке кирип жатат
11:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:04
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Ооруңду колдон алган кызматтар. Мамлекеттик сайттардын пайдасы

© Sputnik / Михаил ДудинМамлекеттик сатып атуулардын расмий порталын окуп жаткан адам. Архив
Мамлекеттик сатып атуулардын расмий порталын окуп жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Техникалык прогресстин аркасы менен болочок пенсияңыз канча болорун билип, мамлекетке бир нерсе сатып же мамлекттик каттоо органдарына арыз берсеңиз боло турганын билчү белеңиз?

БИШКЕК, 15-авг. — Sputnik. Бир жума мурун Байланыш операторлор ассоциациясынын (БОА) директору Нурбек Абасканов Кыргызстанда интернет кызматтары кескин кымбаттай турганын билдирген эле. Бул туурасында кененирээк Екатерина Михайлованын материалынан окуп, Дүйнөлүк желени пайдалануу акысы үч эсе көтөрүлөбү же жокпу, билсеңиз болот. 

Азырынча Интернетти кадимки тартипте колдонуу мүмкүнчүлүгү бар. Интернет тармагынан көбүрөөк пайда болуш үчүн Sputnik Кыргызстан баарына керектүү боло турган жети сервисти таап чыкты. 

Интернет кабелин оңдоо. Архив - Sputnik Кыргызстан
Интернеттин кымбатташы. Жообу жок суроолор…
1. Бүгүн кыргызстандыктар өз унаа же кыймылсыз мүлккө салык төлөө үчүн тийиштүү мекемелерге үзбөй каттайт. Мамлекеттик салык кызматынын сайты кезекке туруудан куткарбаса да, капчыгыңызга канча акча сала барыш керектин тез саноого көмөктөшөт. 

Андан тышкары, бирдиктүү салык декларациясын тапшырууда толтурчу кагазды жүктөп алса болот. Аны электрондук тартипте толтурсаңыз, көп убактыңызды үнөмдөгөн болосуз. Биринчиден, ал кагазды ведомствонун өзүнөн сатып алып отурбай, башка жерден чыгарып алсаңыз болот. Экинчиден, электрондук документке эсептегич орнотулган, ал сиздин эсебиңизди бир топ жеңилдетет. Үчүнчүдөн, түшүнүксүз жагдайда атайын кнопканы бассаңыз, түшүндүрмө берет. 

2. Ошондой эле Интернеттен сиздин ишиңиз боюнча сот отуруму кайсы убакка белгиленгенин жана аны кароо кайсы баскычка жеткенин билсе болот. Мурда болсо доочу да, жоопкер да сот катчыларына улам чала берип, мазасын ала берчү…

3. КРдин Юстиция министрлигинин сайты лайф-хакты сүйүүчүлөр үчүн өзүнчө эле бир кенч. Мисалы, тиги же бул фирма катталган-катталбаганын билиш кыйын. Айрыкча, мисалы, тиги же бул агенттик аркылуу үй сатып алса болобу же жокпу, билбей турганда мунун пайдасы оголе чоң. 

Ошндой эле бул сайттан каалаган мыйзамды эч каттоосуз эле оңой таап алууга болот.

Компьютерде иштеп жаткан кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда 2 миллион жаран интернет колдонот
4. Мамлекеттик түзүмдөрдүн коридорлорунда жүргүңүз келбесе, бул шилтемени сөзсүз сактап алыңыз. Өнүккөн технологиянын аркасы менен эми паспорт алууга, үйүңдү же унааңды каттоого, а түгүл никени каттатууга арызды да он-лайн жөнөтсө болот.

Андан тышкары, оң жагында сизди кызыктырган суроону бере турган жер бар. Мисалы, жоголгон паспортту кайра алыш үчүн эмне кагаздар керек? Адатта жооп бир нече мүнөттө келет. 

5. Социалдык фондго которгон төлөмдөрүңүздүн суммасын, кийин пенсияңыздын көлөмү канча болорун билгиңиз келсе ушул сайтты карап турсаңыз болот. 

6. Мамлекеттик сатып атуулардын расмий порталы депутаттарга отургуч алууга канча акча кетерин билгиси келген журналисттер эле эмес, ишкерлер үчүн да пайдалуу.

Сайтка компаниянын атынан катталган соң, сиз бала бакчаны күрүч-таруу менен камсыз кылып же кайсы бир тез жардам станциясын оңдоп берүүгө талапкер боло аласыз.

7. Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондусунун сайтында кенен-кесири орун-очок алган техникалык прогресстин аркасында мамлекеттик жерди, кафе, мини-базар же акча алмаштыруучу жай ачууга имаратты ижарага алуу канча турарын билсе болот. Бирок азырынча бул эсептегич борбор калаада гана иштейт.

Жаңылыктар түрмөгү
0