Ысык-Көлдө бокс боюнча эл аралык турнир өтөт

Жазылуу
Таймашка Кыргызстанды кошпогондо үч өлкөнүн спортчулары катышат.

БИШКЕК, 15-авг.— Sputnik. Чолпон-Ата шаарында бокс боюнча "2016-жылдагы Ысык-Көл кубогу" деп аталган турнир өтөт. Бул туурасында Бокс федерациясынын Ысык-Көл райондук бөлүмүнүн жетекчиси Каныбек Егембаев кабарлады. 

16-17 жаштагы спортчулар арасындагы турнир Казакстанда жүргөн активдүү мекендешибиз Алмаз Ибрагимовдун колдоосу менен быйыл бешинчи ирет өткөрүлүп жатат. 

Егембаевдин айтымында, турнирге Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстандын спортчулары катышат.

"Мындай иш-чаралар мамлекеттер арасындагы эки тараптуу жана эл аралык мамилелерди бекемдейт. Турнир Кыргызстандагы бокстун жайылышына көмөкчү болоруна ишенем. Андан сырткары, жаш спортчулар үчүн тажрыйба алууга жакшы шарт түзүп берет", — деп айтты Егембаев.

Турнирдин уюштуруучусу — Бокс федерациясынын Ысык-Көл райондук бөлүмү. 

Жаңылыктар түрмөгү
0