БИШКЕК, 15-авг. — Sputnik. Он айдоочу бийкеч "Бишкектин мыкты айдоочу айымы" наамына талапкер болууда.
"Автоледи Бишкек — 2016" сынагына катышуу ниетин 65 селки билдирип, кастингдин натыйжасында 10 бийкеч тандалып алынган. Шартка ылайык, катышуучулардын унаасы техникалык кароодон өтүп, салыгы төлөнүшү кажет.
Сынакка жеке унаасы жана үч жылдан кем эмес айдоочулук тажрыйбасы бар 22 жаштан 35 жашка чейинки кыз-келиндер чакырылган.
Сынактын жыйынтыгы 24-августта чыгат.