БИШКЕК, 14-авг. — Sputnik. Кыргызстандык балбан грек-рим күрөшү боюнча 1/8 финалда кубалык дүйнө чемпиону Исмаэл Борреро Молина менен беттешмей болду. Бул тууралуу олимпиадалык курама команданын маалымат катчысы Кабыл Макешов билдирди.
Олимпиадалык беттешүү жекшемби күнү саат 19.00дө болот. Эралиев 59 килограммга чейинки салмак категориясында ат салышат.
Макешов машыктыруучу Канатбек Бегалиев менен жолукканын, даярдык уланып, маанай жакшы экенин айтты. Эралиев өлкө намысын коргоого болгон аракетин жумшайт.
Кыргызстандын капчыгында азырынча олимпиадалык бир коло медаль бар. Аны оор атлетчи Иззат Артыков утуп алды. Ал эми жалпысынан Кыргызстандын атынан 19 спортчу аттанып, анын жетөө жарыштан четтеп калды.