БИШКЕК, 12-авг. – Sputnik. Кыргызстан менен Япония терроризм менен күрөшүүдөгү көз карашы бирдей. Бул тууралуу ИИМ жетекчиси Кашкар Жунушалиев менен Япония элчиси Ёсихиро Ямамуранын жолугушуусунда белгилүү болгондугун ИИМ билдирди.
Маалыматка ылайык, жолугушуу бүгүн, 12-августта болгон. Анда тараптар чогуу кызматташуу жолдорун талкулашты.
"Жолугушуу учурунда терроризм, экстремизм менен күрөшүү жолдору, алдын алуу иштер талкууланды. Бир канча макулдашууларга кол коюлду", — деп айтылат маалыматта.
Мындан сырткары, тараптар укук коргоо жаатында да кызматташмай болду.