Рио-2016: Бүгүн килемге чыкчу Юрий Краковецкий тууралуу 5 факты

© Фото / из личного архива Юрия КраковецкогоУчастник Олимпиады-2016, кыргызстанский дзюдоист Юрий Краковецкий
Участник Олимпиады-2016, кыргызстанский дзюдоист Юрий Краковецкий - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Көптү үмүттөндүргөн спортчу, кесиби боюнча юрист Юра тууралуу кызыктуу фактылар төмөнкү материалда.

БИШКЕК, 12-авг. — Sputnik. Кыргызстандын керегине жараган Иззат Артыковдун жеңишинин даамы көпкө чейин таңдайдан кетпейт. Балбандын коло медалы калган спортчуларга болгон үмүт шамын жандандыра алды десек аша чапкандык болбойт. 

Встреча олимпийцев сборной Кыргызстана в аэропорту Манас из Рио - Sputnik Кыргызстан
Олимпиадачылар кайтып келишти. Иззат Артыковду тосуп алгандагы ирмемдер
Бразилиядагы жайкы Олимпиада оюндарына катышып жаткан кыргыз спортчусу Юрий Краковецкий бүгүн, 12-августта Бишкек убактысы боюнча 19:00дө килемге чыгат. 

Спортчу тууралуу кызыктуу фактылар төмөндө:

1. 24 жаштагы Юра алгач 4 жашында гимнастикага барган. Беш жылдан кийин гана дзюдо күрөшүнө өткөн.

2. Спортчу бокс, карате-до жана таэквондо ийримдерине катышкан. Ал Париждеги эл аралык дзюдо академиясынан таалим-тарбия алып, окуу-машыгуулардан өтүп келген.

3. Алгачкы устаты — Анвар Жураев. Учурда чеберчилигин өстүргөн машыктыруучусу — Кыргызстанга эмгек сиңирген устат Сергей Мистрюков.

© AFP / JACK GUEZ Бразилиядагы жайкы Олимпиада оюндарына катышып жаткан кыргыз спортчусу Юрий Краковецский бүгүн, 12-августта Бишкек убактысы боюнча 19:00дө килемге чыгат.
Бразилиядагы жайкы Олимпиада оюндарына катышып жаткан кыргыз спортчусу Юрий Краковецский бүгүн, 12-августта Бишкек убактысы боюнча 19:00дө килемге чыгат. - Sputnik Кыргызстан
1/2
Бразилиядагы жайкы Олимпиада оюндарына катышып жаткан кыргыз спортчусу Юрий Краковецский бүгүн, 12-августта Бишкек убактысы боюнча 19:00дө килемге чыгат.
© AFP / TOSHIFUMI KITAMURA24 жаштагы Юра алгач 4 жашында гимнастикага барган. Беш жылдан кийин гана дзюдо күрөшүнө өткөн.
24 жаштагы Юра алгач 4 жашында гимнастикага барган. Беш жылдан кийин гана дзюдо күрөшүнө өткөн. - Sputnik Кыргызстан
2/2
24 жаштагы Юра алгач 4 жашында гимнастикага барган. Беш жылдан кийин гана дзюдо күрөшүнө өткөн.
1/2
Бразилиядагы жайкы Олимпиада оюндарына катышып жаткан кыргыз спортчусу Юрий Краковецский бүгүн, 12-августта Бишкек убактысы боюнча 19:00дө килемге чыгат.
2/2
24 жаштагы Юра алгач 4 жашында гимнастикага барган. Беш жылдан кийин гана дзюдо күрөшүнө өткөн.

4. Юранын кесиби — юрист. Быйыл Жусуп Баласагын атындагы кыргыз улуттук университетин бүткөнү турат.

5. Кумир туткан спортчусу — Олимпиаданын көп жолку чемпиону, япониялык дзюдочу Ясухиро Ямасита. Ал дагы оор салмакта дүйнөлүк атак-даңкка жеткен легендарлуу спортчу.

Риодогу Олимпиадада улуттук кураманын ар бир спортчусунун чыгар күнү жөнүндө Sputnik Кыргызстан инфографикасынан билиңиз>> 

 

Жаңылыктар түрмөгү
0