БИШКЕК, 9-авг. — Sputnik. Шаршембиде өлкө боюнча жаан-чачын болбой тургандыгын Кыргызгидромет билдирди.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
Бишкек шаарында абанын температурасы түнкүсүн 16…18 градус, күндүз 31…33 градус жылуу болсо, Ошто түнкүсүн 19…21 градус, күндүз 34…36 градус жылуу болуусу күтүлүүдө.
Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын болбойт.