БИШКЕК, 9-авг. — Sputnik. Түркияда киши өлтүрүүгө шектелип кармалган кыздын Кыргызстандын жараны экени такталды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.
Эскерте кетсек, бир катар ЖМКлар 4-августта 24 жаштагы эркек кишинин сөөгү өзүнүн үйүнөн табылганын, анын өлүмүнө 21 жаштагы кыргызстандык Ханзада аттуу кыз шектелип жаткандыгын билдирген. Тартип коргоо кызматкерлерине көрсөтмө берип жаткан кыз күнөөсүн жарым-жартылай мойнуна алып, эркекти жоолугу менен муунткандыгын айтып берген.
"Учурда Түркияга сурам жөнөттүк. Укук коргоо органдары менен иштеп жатабыз", — деп айтылат билдирүүдө.
ТИМ аталган окуянын чоо-жайы боюнча кошумча маалымат бериле турганын белгиледи.