БИШКЕК, 9-авг. — Sputnik. Асанбек Осмоналиев Кыргызстандын Ирандагы Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиcи кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Тиешелүү Жарлыкка өлкө башчы Алмазбек Атмабаев бүгүн, 9-августта кол койду.
Осмоналиев аталган кызматка 2014-жылдын 6-мартында дайындалган.