БИШКЕК, 8-авг. — Sputnik. Эртең Кыргызстан боюнча күн ачык боло турганын Кыргызгидромет билдирди.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
"Бишкек жана Ош шаарларында күн ачык болуп, күндүз 32…34…градус жылуу болот", — деп айтылат маалыматта.
Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын болбойт.