БИШКЕК, 2-авг. — Sputnik. Интернетте сүрөтү ылакапка айланган россиялык окуучу Игорь Назаров Кыргызстанга болгон жолдомону жеңе албай калды. Бул тууралуу www.random.org сайтында жарыяланды.
"ВКонтакте" тармагындагы сүрөт сынагы июнь айынын соңунда башталып, эреже боюнча анын катышуучулары акылга сыйбаган сүрөттөрдү жайгаштырышы керек болчу. Биринчи орун үчүн Кыргызстанга саякат же 15 миң рубль каралса, экинчи орунга киного билет берилмек. Коло байгеге ээ болгон катышуучу бир жума бою тез даярдалуучу кесме менен камсыздалмак.
Добуш берүүдө "Саздагы окуучу" деген сүрөттүн ээси Игорь Назаров алдыда келе жаткан. Бирок жеңүүчүнү www.random.org. сайты аныктап, биринчи орун Серген Малойго тийди. Назаров экинчи орунду ээлеп, киного бармай болду. Үчүнчү болуп Марина Гречкина табылды. Азырынча жеңүүчү байге катары эмнени тандап алганы белгисиз.