Казакстанда кен ташыган поезддин 22 вагону темир жолдон чыгып кетти

© Sputnik / Игорь Агеенко / Медиабанкка өтүүПоезд вагондору. Архив
Поезд вагондору. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кырсык жекшембиге караган түнү болгон.

БИШКЕК, 31-июл. — Sputnik. Казакстанда кен жүктөлгөн поезддин 22 вагону темир жолдон чыгып кеткенин "Казакстан темир жолы" улуттук компаниясына шилтеме берүү менен "Новости-Казакстан" маалымат агенттиги билдирди.

"Үстүбүздөгү жылдын 31-июлунда саат 2.10до Актөбөнүн Жоса — Кудыксай аймагындагы "Никельтау — Айтеке-би" жолунда жүк ташуучу поезддин кен жүктөлгөн 22 вагону темир жолдон чыгып кетти", — деп айтылат билдирүүдө.

Компаниянын маалыматы боюнча, вагондор Казакстандын "Транском" ишканасына таандык.

Кырсыктан жабыркагандар болгон жок. Учурда темир жолду калыбына келтирүү иштери жүрүп, кырсыктын чоо-жайын иликтей турган атайын комиссия түзүлдү.

Жаңылыктар түрмөгү
0