Америкалык спортчу Люк Айкинс Калифорниянын түштүк тарабында парашюту жок 7620 метр бийиктиктен секирди. Окуя жекшемби күнү Бишкек убактысы боюнча 06:54тө болгон.
Айкинс абада эки мүнөт калкып, атайын тартылган 9 чарчы метрлик сеткага түшкөн.
"Ура, Айкинс максатына жетти. Жеңишти баарыбыз майрамдайбыз", — деди окуяны түз чагылдырып жаткан телеканалдын комментатору.
Ал ортодо Айкинстин ден-соолугу жакшы экенин видеодон көрүүгө болот.
Спортчу 16 жаштан бери секирүү менен алектенип келет.