Бишкектик жаран аскердик кафедрага өтүү үчүн 2,5 миң долларын алдаткан

Жазылуу
Аталган иш боюнча Кылмыш жаза кодексинин 166-беренеси (алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголуп, анын негизинде шектүү катары 36 жаштагы аял кармалды.

БИШКЕК, 29-июл. — Sputnik. Бишкектик жаран жогорку окуу жайлардын бириндеги аскердик кафедрага тапшыруу үчүн 2500 долларын алдатып жиберген. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкамалыгынан кабарлашты.

Маалыматка караганда милицияга арыз менен кайрылган жаран 2015-жылы чала тааныш аялга акчасын карматып коюп, ошону менен аны таппай калган. 

"Акчаны алган аял жарандын ишенимине кирип, аскердик кафедрага өткөрүп берүүгө сөз берген", — деп айтылат маалыматта.

Аталган иш боюнча Кылмыш жаза кодексинин 166-беренеси (алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголуп, анын негизинде шектүү катары 36 жаштагы аял кармалган. Тергөө учурунда аталган жаран дагы ушуга окшош 1 кылмыш ишине тиешеси бар экени аныкталган. 

Жаңылыктар түрмөгү
0