БИШКЕК, 26-июл. — Sputnik. Жергиликтүү кеңештерге өтө турган шайлоолордо "Даректүү каттоо" (ГИСАР) кызматы колдонулат. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматы (МКК) билдирди.
Эске сала кетсек, күз айларында айрым аймактарда жергиликтүү кеңештерге шайлоолор өтөт. Ошого байланышуу МКК ГИСАР боюнча администраторлорду даярдоо курстарын баштады.
"Аталган жаңы технологиянын жардамы менен шайлоо участкасында канча адам катталганын жана анын аймагын так аныктоого болот. Бул кадам шайлоолорду ачык-айкын өткөрүүгө багытталат", — деди МКК жетекчиси Тайырбек Сарпашев.
ГИСАР технологиясынын базасына өлкө аймагы боюнча 32 миңден ашуун көчө жана бардык айылдар киригизилген.