БИШКЕК, 25-июл. — Sputnik. АКШда чек арачылар Pokemon Gо оюнуна берилип Канада өлкөсүнөн Монтана штатына өтүп кеткен эки өспүрүмдү кармашты. Бул тууралуу РИА Новости Associated Press агенттигине таянуу менен билдирди.
Маалыматка ылайык, оюнга берилген өспүрүм балдар чек арадан кантип өткөнүн баякабай, адашып кетишкен. Аларды Суит Грасс шаарынын полиция кызматкерлери кармап, ата-энелерине өткөрүп берген.
Эскерте кетсек, АКШ менен Канаданын чек арасы тордолгон тосмо менен жабылган эмес. Тартипти атайын бөлүктөр гана көзөмөлгө алышат.