БИШКЕК, 16-июл. — Sputnik. 20-июлда Ат-Башы районунда эл аралык "Кыргыз шырдагы VI" фестивалы өтөрүн Маданият, маалымат жана туризм министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, бул фестивалга өлкөнүн бардык аймактарынан уз-чеберлер келет.
"Тарых жана маданият жылынын алкагында улуттук баалуулуктарды сактоо, эл арасында жайылтуу жана кол өнөрчүлөрдү колдоо максатында Ат-Башы районунда эл аралык фестиваль өтөт", — деп айтылат маалыматта.
Бул маданий иш-чараны Маданият, маалымат жана туризм министрлиги, Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясы жана "Кыргызстан кол өнөрчүлөр кеңешмеси" уюштуруп жатат.
Эскерте кетсек,эл аралык фестиваль 28-29-июнга пландаштырылган. Бирок, ал июль айына жылдырылган болчу.