БИШКЕК, 15-июл. — Sputnik. Алмазбек Атамбаев көп адамдардын курмандыгына жана жаракат алышына себеп болгон Ницца шаарындагы террордук актыга байланыштуу Франциянын президенти Франсуа Олландга көңүл айтты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
14-июлда түндө Франциянын Ницца шаарында фейерверк көргөнү чогулган топту жүк ташуучу унаа элди аралап тебелетип, андан 80ден ашык чукул киши каза тапкан.
Мамлекет башчысы курман болгондордун туугандарына жана жакындарына чын жүрөктөн көңүл айтты жана жабыр тарткандардын тез сакайып кетишин каалаган.