Аскаровдун жактоочулары анын кыйноого кабылгандыгын айтып жатышат

© Фото / очевидца Эркина А., отправленное по Whats App-каналуАзимжан Аскаровдуг иши боюнча соттун отуруму
Азимжан Аскаровдуг иши боюнча соттун отуруму - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Адвокаттар учурда Бириккен Улуттар Уюмунун комитетинин чыгарган чечимин бекте кармап жатышат.

БИШКЕК, 11-июл. — Sputnik. Азимжан Аскаровду кыйнашкан деп билдирди соттун отурумунда укук коргоочу Төлөйкан Исмаилова.

Жогорку сот бүгүн Аскаровду өмүр бою эркинен ажыратуу боюнча чыгарылган өкүмдү карап жатат.

"Аскаровго курман болгон милиционердин туугандары кол салышканда тартип коргоо органдары эч нерсе кылган эмес. Аны райондук ички иштер бөлүмүнүн аймагын тазалатышкан, бөйрөккө ургулап, суу толтурулган желим бөтөлкө менен башка ургулушкан", — деп айтты Исмаилова. 

Башка жактоочулар БУУнун комитетинин чечимин бетке кармап, андыктан Аскаровду бошотуу зарыл дешти.

"Биз эл аралык укукту урматташыбыз керек. Аскаровго карата соттун өкүмүн жокко чыгарып, сот ишин токтотууну суранам ", — деди багы бир жактоочу Вахит Валерьянов.

Германиянын федералдык канцлери Ангела Меркель. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандагы бейөкмөт уюм Аскаровду абактан бошотууну Меркелден суранып жатат
Кыргызстандын жараны Азимжан Аскаров сот органдары тарабынан улут аралык араздашууну тутандырып, массалык башаламандыктарды уюштургандыгы, ошондой эле 2010-жылдын июнь айында Ошто болгон кайгылуу окуялар учурунда укук коргоо органында иштеген кызматкерди ырайымсыз түрдɵ ɵлтүрүүгɵ катыштыгы үчүн соттолгон. Куралсыз 13 милиция кызматкери нааразы болгон топко түшүндүрүү иштерин жүргүзүп баштаганда, ал топ тартип коргоо органдарынын өкүлдөрүн аёосуз сабап, ал эми аймактык милиционер Сулаймановду өлтүрүп, өрттөп жиберишкен.

2016-жылдын 21-апрелинде БУУнун Адам укуктары боюнча комитетинин эксперттеринин доклады жарыяланып, анда "Аскаров мыйзамсыз жана адам чыдагыс абалда кармалып турат, андан сырткары уруп-согууга да кабылган" деп жазылган. Ушундан улам БУУнун эксперттери Аскаровду бошотуу талабын коюшкан.

ЕККУнун демократиялык институттар жана адам укугу боюнча бюросу менен Прессанын эл аралык институту дагы Азимжан Аскаровду бошотууну талап кылган.

Аскаровдун иши кайра кароо жараяны анын жактоочусунун берген арызында болмокчу. Анда жаңы жагдайлар ачылгандыгын айтышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0