00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
2 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
6 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
7 мин
Көз мончок
Орозо пайдалуу өтүшү үчүн кандай азыктарды жеш керек?
17:08
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
7 мин
Тема дня
В КР хотят внедрить Национальную программу по перинатальному скринингу: почему это важно
18:08
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
6 мин
Туяк
Кыргыз тилинин келечеги жана Болот Юнусалиевдин салымы
19:07
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
Может ли искусственный интеллект изменить экономику Кыргызстана?
20:06
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Чакан жана орто бизнестин ИДПдагы үлүшү 50%дан аштыбы — кандай көйгөйлөр бар?
21:05
48 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

ЕККУ менен Прессанын эл аралык институту Аскаровду бошотууну талап кылууда

© Sputnik / Сергей Аверин / Медиабанкка өтүүЕККУ кызматкери. Архив
ЕККУ кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Европа коопсуздугу боюнча келишим уюмунун адам укуктары бюросу жана Прессанын эл аралык институту Кыргызстанды эл аралык милдеттерин сыйлоого чакырат.

БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. ЕККУнун демократиялык институттар жана адам укугу боюнча бюросу менен Прессанын эл аралык институту БУУнун адам укуктары боюнча комитетинен кийин улуттар аралык жаңжалды курчуткан деп айыпталып жаткан Азимжан Аскаровду бошотууну талап кылууда. Бул тууралуу уюмдардын расмий сайтында маалымдалды.

Мындай билдирүү БУУнун адам укуктары боюнча комитетинин эксперттери 21-апрелде жарыялаган докладынан кийин жасалды. Документте "ал мыйзамсыз жана адам чыдагыс абалда кармалып турат. Андан сырткары уруп-согууга да кабылган" деп жазылган. Ушундан улам БУУнун эксперттери Аскаровду бошотуу талабын коюшкан

"Биз Кыргызстанды БУУнун комитетинин корутундусуна түшүнүү менен мамиле кылууну талап кылабыз. Ошондой эле жарандык жана саясый укук боюнча эл аралык пактын милдеттерин сыйлоого чакырабыз жана Азимжан Аскаровду тезинен бошотууну талап кылабыз", — деп Прессанын эл аралык институтунун коммуникация боюнча директору Стивен Эллистин билдирүүсүндө айтылат.

ЕККУнун демократиялык стандарттар жана адам укуктары боюнча бюросунун директору Михаэль Георг Линк соттун чыгарган чечимин жокко чыгарууга чакырып, "Кыргызстан үчүн кетирген катасын оңдоого жакшы мүмкүнчүлүк болуп жатканын" кошумчалаган.

Өмүр бою түрмөгө кесилген Азимжан Аскаров. Архив - Sputnik Кыргызстан
Азимжан Аскаров деген ким?
Азимжан Аскаров 2010-жылы өлкөнүн түштүк аймагында улут аралык араздашууну тутандырган, массалык башаламандыктарды уюштурган жана милиция кызматкерин ырайымсыз түрдɵ ɵлтүрүүгɵ катышкан деп өмүр бою абакка кесилген. Ошол убакта ал Бишкек — Ош жолун жабууну уюштургандардын бири болгон. Нааразы болгондор арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн куралсыз 13 милиция кызматкерин нааразы болгондор аларды аёосуз сабап, ал эми аймактык милиционер Сулаймановду өлтүрүп, өрттөп жиберишкен. 

Июль айында (2015-жылы) АКШнын мамлекеттик департаментинин Азимжан Аскаровго "Адам укугунун коргоочусу" сыйлыгын ыйгарышы Кыргызстанда нааразычылыкты жараткан.

АКШнын мамдепартаментине жооп иретинде Кыргызстан АКШ менен 1993-жылдын 19-майында кол коюлган кɵмɵк кɵрсɵтүүнү жеңилдетүү боюнча кызматташуу келишимин бир тараптуу жокко чыгарган

Жаңылыктар түрмөгү
0