БИШКЕК, 27-июн. — Sputnik. Кыргызстанда бир сутка ичинде жети ирет жер титирегенин, акыркысы бүгүн саат 8.32де катталганын ӨКМ билдирди.
Маалыматка ылайык, силкинүүлөр кечки саат 5.17ден тарта башталды. Төртөөнүн очогу Тажикстандын аймагында жайгашып, Алай районунун Бор-Дөбө, Нура айылдарында 3-4,5 баллга чейин жеткен.
Ал эми үчөөнүн очогу Кыргызстандын аймагында Тажикстан менен Кытайга чектеш жерде болгон. Мындан улам Ош облусунда 4-6, Баткенде 3-5 баллдык болуп сезилди.
Алдын ала маалыматтар боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар катталган эмес.
Эмне үчүн жер титирөөлөр болорун Sputnik инфографикасынан окуңуз>>