Июнь айынын акыркы жумасы жаан менен башталат

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүАтчандар жамгырда. Архив
Атчандар жамгырда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

БИШКЕК, 26-июн.— Sputnik. Эртең, 27-июнда өлкө боюнча жаан-чачын боло турганын Кыргызгидромет билдирди. 

Балыктар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Тоң районундагы сел көлмөдөгү балыктарды агызып кетти
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Бишкекте күн күркүрөп жаан жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн 19…21 градус, күндүз 25…27 градус жылуу болот.

Ал эми Ош шаарында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз күн күркүрөп, жамгыр жаайт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат. Абанын температурасы түнкүсүн 20…22 градус, күндүз 28…30 градуска чейин жогорулайт.

27-28-июнда күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.

Жаңылыктар түрмөгү
0