БИШКЕК, 17-июн. — Sputnik. Семиз адамдар арыктарга караганда таттуу азыктарды даамдуу деп эсептешет. Бул тууралуу Diabetes журналына шилтеме берүү менен РИА Новости жазып чыкты.
"Негизи адамдар жашы улгайган сайын таттуу азыктарга кызыкпай калат. Бул мээдеги даам сездирүүчү рецепторлордун азайышына байланыштуу. Бирок биздин изилдөөлөр семиз адамдар кайсы жашка барбасын, таттуудан баш тартпай турганын көрсөттү", — деп билдирет Вашингтон университетинин окумуштуусу Янино Пепино.
Натыйжада арык адамдар даамды мыкты сезип таттууга абдан жакын келишери аныкталган. Бул алардын мээсиндеги дофамин рецепторлорунун аздыгына байланыштуу экени белгилүү болгон. Ал эми семиз адамдар таттуу азыктарды жегенде эмнегедир дофамин рецепторлорунун ишине таасир эткен эмес. Мындан улам ашыкча салмактагы адамдар таттуу тамактардын даамын жакшы сезе албагандыктан тийиштүү өлчөмдөн көп жешип, семирип жатышканы белгилүү болгон.