БИШКЕК, 15-июн. — Sputnik. Улуттук гвардиянын башкы командачысы болуп Мирбек Касымкулов дайындалды. Тийиштүү Жарлыкка президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 15-июнь күнү кол койгонун өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.
Улуттук гвардиянын буга чейинки жетекчи Мелис Сатыбалдиев 11-май күнү кызматтан алынган.
Ал эми Касымкулов УКМКнын 9-кызматынын жетекчисинин орун басары болуп иштеген.