БИШКЕК, 11-июн — Sputnik. Баткенде кечээ, 10-июнда Тажикстандан азык-түлүктү мыйзамсыз ташыган Hyundai Porter унаасын айдаган кыргызстандык жаран кармалганын Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, чек арачылар көзөмөл пунктунан айланып өтүүгө аракет кылган унаадан ширенин 600 тетрапакетин жана 800 килограмм жер жаңгак алып, анын жалпы наркы 90 миң сомду түзөрүн аныкташкан.
Ошол эле күнү чек арачылар Кадамжай районунун Пылдырак аймагынан көзөмөл пунктунан тыш өтүүгө аракет кылган Өзбекстандын жарандарын колго түшүрүшкөн.
Кармалгандар тийиштүү документтер толтурулгандан кийин УКМКнын аймактык бөлүгүнө өткөрүп берилди.