Эки жаат болгон айылдаштар. Чек арачылардан көзү өткөн карабактыктар

© Sputnik / Семиряга / Медиабанкка өтүүЧек арачы. Архив
Чек арачы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бир айылдын эле эли эки тарап болуп, бир даары чек арачылар көзөмөл кыла турган жолду тосуп алса, калганы аларга каршы чыгууда.

БИШКЕК, 2-июн.— Sputnik. Баткен районунун Кара-Бак айыл өкмөтүнүн бир катар жашоочулары "Карабак" чек ара заставасынын кызматкерлеринин чек ара тилкесинде көзөмөл жүргүзүп тура турган жерге жол ачып бербей келген. Соттун чечиминен соң ал жердеги үйлөрдүн бир тобу алынып, маселе бир айдын тегерегинде чечиле турган болду. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан агенттигине Кара-Бак айыл өкмөтүнүн жетекчиси Сүйүнбай Убаев кабарлады. 

Кара-Бак айылынын жашоочуларынын бир бөлүгү чек арага жакын жер тилкелерин мыйзамсыз тосуп алган айылдаштарына нааразы болуп, жергиликтүү элдин кооптуулугунан контрабандалык кызыкчылыкты өйдө коюп жатат деген маанайда пикир айтышкан. Андан сырткары, бул маселеге жергиликтүү бийлик кош көңүл мамиле жасап жаткандыгын билдиришкен. 

"Мен чек ара аймагында жашайм. Сол жагыбызда Тажикстан, кооптуулуктан улам бала-чака, мал-жаныбызды сыртка чыгара албайбыз. Ошон үчүн бул жерди да кыргыз чек арачылардын көзөмөлдөп турушу маанилүү", — деди аталган айылдын жашоочусу Элмира Кадырова.

Айылдын дагы бир тургуну Бурулкан Эшенкулова жолду акчалуулар тосуп ала берсе боло береби деген маанайда нааразычылыгын билдирди.

"Ар бир үй-бүлөгө жер бөлүп бергенде жолду өзүнчө чыгарып берген, бул деген жол, сен буга тийишпейсиң деп белгилеп беришкен. Жолду алар неге тосуп жатышат, алардын акчасы көп, биздики жок дегендикпи?" — деди жашоочу. 

Айыл өкмөт: чек ара тилкеси жана контрабанда боюнча маселе бир айда чечилет

Ал эми контрабанда боюнча маселе бар экендигин айыл өкмөттүн башчысы моюндап, бул иштер бир айдын ары-бери жагында аягына чыгып, чек арачылар көзөмөл жүргүзүп каларын айтты. 

Убаев аталган жерге атайын адис, райондук архитектура, мамкаттоо кызматы болуп биргеликте комиссия түзүлүп, жер ээлеринин канча метр өз чегинен чыгып кеткендигин далилдеп бергендигин билдирди. 

Чек ара кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Түндө чек арага жакындап келгендер ок атылгандан кийин Өзбекстанга кирип кеткен
"Комиссиянын корутундусун этибар албагандан кийин биз сотко берип, сот 12 метр жол ачылсын деген чечим чыгарып берген. Евро кылып үй салып алгандар бар эле, эл мындан кийин өзүнүн күчү менен бузуп, жолду бошоткон. Бүгүнкү күндө үч кожолук калды. Бул иштер аягына чыгып калса коопсуздук камсыз болуп, андан сырткары контрабандалык кылынды деген сөздөр да токтойт", — деди өкмөт башчы Убаев.

Бул маселе көңүл сыртында калган эмес деген пикирин Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирген Баткен районунун акими Кеңеш Салихов жерди мыйзамсыз тосуп алгандарга эч ким "Кызыл китеп" бербегенин кошумчалады.

"Бул коопсуздук маселесине тиешелүү болуп жатат. Ал жолдо чек арачылардын транспорту жүрүшү керек. Жерди мыйзамсыз тосуп алгандарга эч ким "Кызыл китеп" берген эмес. Мындан улам айыл өкмөтү аларды сотко берген. Тилкенин ары жагында эле Тажикстандын аймагы жайгашкан", — деп айтты Салихов. 

Аким бул маселе 2-3 жыл мурда чыкканын, азыр элдин бир бөлүгү жолду ачып бергени менен бир нечеси макулдугун бербей, түшүндүрүү иштери уланып жаткандыгын айтты.

"Бул канчадан бери уланып келе жаткан маселе. Бир жагынан эл мал-келибиз уурдалып кетип жатат, коргобой жатасыңар деп талап коюп келсе, бир жагынан минтип жолду ачып бербей жатышат. Учурда түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдөбүз", — деди аким. 

Аталган аймак Тажикстандын Исфара району менен чектешет. Бул жерде Баткен чек ара отрядына караган "Карабак" заставасы бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0