БИШКЕК, 9-июн. — Sputnik. "Жебхат ан-Нусра" радикалдык тобунун согушкерлери түндө Алеппонун Хандрата деп аталган району менен Шейх-Максуд кварталында чабуулга өттү. Бул туурасында Сириядагы касташкан тараптарды жараштыруу боюнча россиялык борбордун өкүлү кабарлады.
"Согушкерлер ок атуучу ири техникалары менен элдик кошуун жана өкмөттүк аскерлер турган жерге чабуулга койду. Ал үч саатка созулуп, таңга жуук токтоп, террорчулардан зыянга учурагандар болду", — деди ал.
Буга чейин аталган борбордон ок атууну токтотуу учурунда террорчулар катарын толуктап жана курал-жарактарын камдап алгандыгын айтып беришкен. Өткөн дем алыш күндөрү "Жебхат ан-Нусра" Алеппого киргенге эки ирет аракет кылып, бирок сириялык өкмөттүк аскерлер чабуулдардын мизин кайтарган. Мындан соң террорчулар провинциянын шаарлары менен эл жашаган кварталдарын аткылоого өткөн.
Согуштук аракеттер орозо айы башталса да токтогон жок. Басылмалардын маалыматына караганда, Сауд Аравиясынан келген ондогон диний үгүтчүлөр Сирияда ок атышууну токтотууга чакырып жүрүшөт.