БИШКЕК, 9-июн. — Sputnik. Кыргызстандын Улуттук илимдер академиясынын Жаш илимпоздор союзу "Илимдин бүгүнкү күндөгү актуалдуу проблемалары-2016" аталыштагы Эл аралык илимий-практикалык конференция өткөрөт. Бул тууралуу илимдер академиясынан билдиришти.
Конференцияда физико-техникалык, математикалык жана тоо-геологиялык илимдер, химия-технологиялык, медико-биологиялык жана айыл-чарбачылык илимдер, ошондой эле коомдук илимдер боюнча секцияларда талкуулар жүрөт.