БИШКЕК, 6-июн. — Sputnik. Бишкектин Фучик көчөсүндө бензоводун жарылышынан 15 киши жабыркаганын ӨКМ билдирди.
Эскерте кетсек, бүгүн кечинде Бишкектин түндүк-батыш тарабында май ташыган унаа жарылып, андан ири өрт чыккан. Учурда каза болгондор бар делген маалымат такталып жатат. Министрлик жарылуу өндүрүштөн улам чыккан кырсык экенин белгилеп, жалынды өчүрүүгө алты унаа тартылганын маалымдаган.
Мындан тышкары, ЖМКларга чыгып кеткен теракт боюнча маалыматтарды четке какты.