Бишкек мэриясы калаа тургундарынын көйгөйлөрүн чечүүнү ылдамдатат

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкек шаарынын мэриясынын имараты. Архив
Бишкек шаарынын мэриясынын имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Муниципалитет ыкчам аракет көрүү үчүн "185" кызматын жаңылоодо.

БИШКЕК, 3-июн. — Sputnik. Бишкек мэриясы калаа тургундарынын көйгөйлөрүн ыкчам чечүү үчүн "185" кызматын замандын талабына ылайык жаңылоодо. Бул тууралуу муниципалитеттин маалымат кызматы билдирди.

Бишкекасфальтсервис муниципалдык ишканасынын кызматкерлери жол түшүрүү учурунда - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте Фрунзе көчөсүнө жол чийин түшүрүлүп, Исанов көчөсү оңдолууда
Негизинен "185" кызматынын базасында мэриянын бөлүмчөлөрү, авариялык кызматтарды бириктирген автоматташтырылган борбор түзүлгөн. Ошондой эле 1840 кыска номери, 0554 18-21-85 телефон номери аркылуу whatsapp каналы уюшулган. Ошондой эле мэриянын сайтынан арыздарды кабыл алуу мүмкүнчүлүгү да киргизилди.

Бирдиктүү борбор шаар тургундарынын көйгөйлөрүн тез арада чечүүгө жардам берет.

Жаңылыктар түрмөгү
0