БИШКЕК, 2-июн. — Sputnik. Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков өкмөттүн курамына кирген министрликтерде, административдик мекемелерде иштегендердин санын кыскартуу боюнча сунуш иштеп чыга турган жумушчу топ түзүүнү буюрду.
Премьердин буйругу өкмөттүн сайтына жарыяланды.
Өкмөттүн жумушчу тобу министрликтерде, административдик мекемелерде иштегендердин саны боюнча анализ жүргүзүшү керек.
Аталган топ бири-бирин кайталаган курамды, мамлекеттик орган жетекчилеринин "ашыкбаш" жардамчыларын аныкташы керек. Ошондой эле мамлекеттик аппаратты кармап турууга корогон чыгымдарды да карап чыгат.