БИШКЕК, 1-июн. — Sputnik. Кайгуул милициясынын башкы башкармалыгы Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн өкмөт башчыларынын саммити учурундагы коопсуздук чаралары жана көчөлөрдүн жабылышы тууралуу билдирди.
Эскерте кетсек, саммит 6-7-июнь күндөрү өтөт.
ИИМ делегация жүрө турган жолдорду иликтеп чыгып, төмөнкү көчөлөр жабыла турганын белгиледи:
- "Манас" аэропортунун бөлүгү жана Бишкекке кире берген аймак;
- Жибек Жолу көчөсү (Фучиктен Манас проеспектисине чейин);
- Манас проспектиси (Айтматов, Тынчтык проспектиси) — Жибек Жолунан Мамлекеттик резиденцияга чейин;
- Чүй проспектиси — ЖК имаратынан Манас проспектисине чейин;
- Абдымомунов көчөсү — Байтик баатырдан Орозбеков көчөсүнө чейин;
- Чыңгыз Айтматов проспектиси — Мамлекеттик резиденциядан Абсамат Масалиев көчөсүнө чейин (Түштүк магистраль);
- Абсамат Масалиев көчөсү (түштүк магистраль) — Чыңгыз Айтматов проспектисинен Сухэ-Батор көчөсү менен кесилишкен бөлүккө чейин.
Иш-чарага катыша турган унаа каражаттары учурда техникалык кароодон өтүп, айдоочуларга жол эрежесин тыкыр сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүрүп жатат.
Коопсуздукту 700 милиция кызматкери көзөмөлдөйт.