БИШКЕК, 31-май — Sputnik. Окуяга күбө болгондордун айтуусу боюнча кылмышкерлердин бирин Федотов эмес, полиция кызматкерлери өлтүргөн. Бул тууралуу КРдин Тай бокс федерациясынын жетекчиси Елена Шевченко билдирди.
Кыргызстандык тай боксчу Валентина Шевченконун машыктыруучусу Павел Федотов Перудагы ресторанга кол салгандарга каршылык көрсөтүп, жарадар болгону айтылган.
Федотовдун жанында мыйзамдуу алып жүргөн ок атуучу куралы болгон. Машыктыруучу ошол куралды колдонгону айтылат.
Атышуунун натыйжасында бир кылмышкер каза болуп, экөө из жашырууга үлгүргөн. Ал эми Федотов ичине ок жеген. Мындан сырткары, ресторандагы эс алып отурган эки адам жарадар болгон.
Елена Шевченконун айтымында, Федотовдун ден-соолугу жакшы.
"Павелдин ичине тийген ок болгону терисин кана жабыркаткан. Кылмышкердин бирин Федотов эмес, полиция кызматкерлери өлтүргөн. Бул тууралуу окуянын күбөлөрү айтышты", — деди Шевченко.
Павел Федотов Антонина менен Валентинанын машыктыруучусу болот. Ал эми Елена — кыздардын апасы.