БИШКЕК, 31-май — Sputnik. Кыргызстандык тай боксчу Валентина Шевченконун машыктыруучусу Павел Федотов Перудагы ресторанга кол салгандарга каршылык көрсөтүп, жарадар болду. Бул тууралуу эрежесиз эр уруш MMA Fighting сайтында кабарланды.
Окуянын жүрүшүндө уурулар ресторанга кирип, тоноого аракет кылганда атышуу болуп, Федотов жаракат алган. Валентина Шевченко менен машыктыруучусу ресторандардын биринде тамактанып отурганда белгисиз беткапчан үч адам кирип, кассадан акча талап кылган. Ал жердеги акчаны алган соң, кылмышкерлер эс алып отургандардын акчасын, уюлдук телефондорун алып кетмей болушкан.
Атышуунун натыйжасында бир кылмышкер каза болуп, экөө из жашырууга үлгүргөн. Ал эми Федотов ичине ок жеген. Мындан сырткары, ресторандагы эс алып отурган эки адам жарадар болгон.
Валентина Шевченко эч кандай жаракат алган эмес.
Аталган ресторон буга чейин алты ирет тоноого кабылганы айтылууда.