БИШКЕК, 27-май — Sputnik. Бишкектин бир катар көчөлөрүндө эки күнгө газ өчүрүлө тургандыгы тууралуу "Газпром Кыргызстан" ишканасынан билдиришти.
Маалыматка караганда 31-майдан 1-июнга чейин Москва, Жаш Гвардия, Токтогул жана Калык Акиев көчөлөрүндө көгүлтүр от өчүрүлөт.
Түзүлгөн ыңгайсыздык газ куурларындагы оңдоо иштерине байланыштуу экени белгиленет.