БИШКЕК, 27-май — Sputnik. Транспорт жана коммуникация министринин орун басары Эрнис Мамырканов байланыш тармагындагы жигердүү иши үчүн Аймактык шериктештик ордени менен сыйланды. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматы билдирди.
Орденди Россиянын байланыш жана массалык коммуникация министри Николой Никифоров тапшырды.
Байланыш тармагындагы аймактык шериктештик 1991-жылы түзүлгөн. Ага Азербайжан, Армения, Белоруссия, Грузия, Казакстан, Молдова, Россия, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан, Украина, Болгария, Латвия, Литва жана Словения мүчө.