ОшТУнун студенттери кароосуз калган балдарга кайрымдуулук жасашты

Жазылуу
Иш-чарага келген балдарга ысык тамактан сырткары окуу куралдары белекке берилди.

БИШКЕК, 25-май — Sputnik. Ош технологиялык университетинин студенттери 100гө жакын кароосуз калган балдарга кайрымдуулук жасашты. Бул тууралуу окуу жайдын маалымат кызматынын жетекчиси Рамис Ыдырысов билдирди. 

Анын айтымында, иш-чара 1-июнь балдарды коргоо күнүнө карата уюштурулган. 

"Мектеп интернаты менен балдар үйүндөгү көрүүсү начар тарбиялануучуларга ысык тамак берилип, концерттик программа уюштурулду", — деди Ыдырысов. 

Ал белгилегендей Ош технологиялык университетинин 30га жакын студенттери марафон өткөрүп 10 миң сом каражат чогулта алышкан. 

"Аз сумма болсо да балдардын көңүлүн алууга студенттер бардык аракеттерин жумшашты", — деп кошумчалады Ыдырысов. 

Иш-чарага келген балдарга ысык тамактан сырткары окуу куралдары белекке берилген. 

Жаңылыктар түрмөгү
0