БИШКЕК, 13-май — Sputnik. Бишкек шаарында белгилүү жазуучу Мукай Элебаевдин 110 жылдыгын эскерүү иш-чарасы өтөт. Бул тууралуу шаардык мэриянын маалымат кызматы билдирди.
Маалыматта эскерүү бүгүн борбор калаадагы Чокморов көчөсү, 246 дарегиндеги Борбордук китепканада өтөрү айтылган.
Белгилүү жазуучу, акын жана котормочу Мукай Элебаевди эскерүүгө акындар Мукан Асаналиев, Төлөгөн Мамиев баштаган бир топ жазуучулар келет. Ошондой эле студенттер менен мектеп окуучулары да катышат.
Бул иш-чарада жазуучунун буга чейин жарыяланбаган аудио лекциялары коюлат жана китеп көргөзмөсү уюштурулат.