Соттолгондордун электрондук базасы: зарылдыкпы же жеке жашоого кийлигишүүбү?

Жазылуу
Депутаттардын соттолгондордун электрондук базасын түзүү демилгесин кай бирлер учур талабы десе, башкалар Конституцияны бузуу болуп саналат деген пикирде.

БИШКЕК, 11-май — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешов соттолгондордун электрондук базасын түзүү боюнча мыйзам долбоорун сунуштап, ал коомдук талкууга коюлду. 

Анын айтымында, маалыматтык базада соттолгон адамдын фамилиясы, аты, атасынын аты, туулган жылы жана ал жоопкерчиликке тартылган беренеси көрсөтүлүүгө тийиш. Бул база иш берүүчүгө аны өз алдынча текшерүүгө мүмкүндүк берет. 

"Жарандар жумушка орношууда Ички иштер министрлигинен соттолбогондугу тууралуу маалымдама алуусу керектелсе, бул көрүнүш жоюлуп, жарандар убактысын жана чыгымын үнөмдөйт. Учурда ар бир жаран кылмыш жасабагандыгын далилдеши керек. Бул милдет иш жүзүндө күнөөсүздүк принцибин "жокко" чыгарат. Сунуштун ишке кириши менен бул көрүнүш да жоюлат", — деди Бекешов. 

Ал долбоор администрациялык жол-жоболорду кыскартуу жана айрым документтерди алуу шарттарын жөнөкөйлөтүү максатында иштелип чыкканын кошумчалады.

"Мыйзам долбоору кандайдыр бир коррупциялык кесепеттерге алып келбейт. Тескерисинче, адамдын соттолгондук статусун айкындоонун ачык жана жеткиликтүү механизмдерин камсыз кылат", — дейт депутат.

Бекешовдун айтымында, электрондук базаны өкмөт көзөмөлгө алышы керек. Маалымдама алууда каалаган жаран ыйгарым укуктуу бөлүмгө кат түрүндө кайрылып, үч күн ичинде жооп алуусу зарыл. 

Абактагы соттолгон жарандар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Экстремизм, терроризм менен соттолгондор абакта эми бөлөк кармалат
Анткен менен мурунку коргоо министри Исмаил Исаков бул катардагы эле сунуш экенин айтып, мыйзам долбоорун колдобой турганын билдирди.

"Укук коргоо кызматында соттолгондор тууралуу өзүнчө тизме бар. Ошону кайталоо болуп саналат. Азыркы депутаттар эмне кылышты билбей, оюна келгенди жасап жатат. Мындан сырткары ар бир адам тууралуу кеңири маалымат Мамлекеттик каттоо кызматында бар. Керек болсо манжалардын маалыматтарын да тапшырдык. Бул мыйзам өлкөнү алдыга сүрөбөйт. Депутат үчүн мыйзам жазды деген гана аты калат", — деди Исаков. 

Ал эми мурунку юстиция министри, учурдагы депутат Алмамбет Шыкмаматов документтерди электрондоштуруу учур талабы экенин белгилейт. 

"Мамлекеттеги бардык тизмектерди электрондоштуруу жүрүп жаткан соң бул сунушту колдойм. Жөнөкөй жарандар маалымдама алуу үчүн эшиктерди каккылап жүрбөшү керек. Бул заманбап технология. Эски телефонду жаңысына алмаштыргандай эле кеп", — деди Шыкмаматов. 

Ал ортодо депутат Иса Өмүркулов бул сунуш адамдардын конституциялык укуктарын бузуп, жеке жашоосуна кийлигишүү болуп саналат деген ойдо. 

Көз айнек жана калем. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бейөкмөт уюмдарды тескөө керекпи? Мыйзам долбоор кызуу талкууга жем таштады
"Жазасын өтөп, соттолгон соң алар акталды да. Анан соттолгондор деп өзүнчө электрондук база түзүү туура эмес. Конституция тарабынан берилген жеке жашоо укугун бузган болуп саналат. Бул туура эмес. Соттолгондор тууралуу маалымат ИИМдин атайын бөлүмүндө гана болуусу керек. Ошол үчүн ИИМ. Жоопкерчиликти да өз мойнуна алат", — дейт Өмүркулов. 

Ички иштер министрлиги өлкө аймагында сот жообуна тартылбагандыгы жөнүндө маалым катты жарандардан акы алып анан берет. Акча каражаттары тездик үчүн төлөнөт. 

КРдин өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин бекиткен тарифине ылайык, үч күн ичинде маалымат берүү — 170 сом, бир күн ичинде берүү — 220 сомду түзөт. Ал эми акысыз алууну каалгандар 10 күн күтүүсү керек. 

2014-жылдын жана 2015-жылдын 9 айынын ичинде соттолгон-соттолбогону жөнүндө маалымдама алууга арыз менен 118 миң 471 жаран кайрылган. 

Акы төлөп кызмат көрсөтүүдөн 10 млн 940 миң сомдон ашык каражат түшкөн. ИИМдин маалыматы боюнча каражат чарбалык максаттарга жумшалат.

Жаңылыктар түрмөгү
0