БИШКЕК, 10-май — Sputnik. Бүгүн Жогорку Кеӊештин Конституциялык мыйзам, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитети өлкө аймагында иш жүргүзгөн чет өлкөлүк коммерциялык эмес уюмдардын ишин жөнгө салуу боюнча мыйзам долбоорун карады.
Комитеттин төрайымы Галина Скрипкинанын айтымында, бул мыйзам долбоор биринчи окууда кабыл алынган долбоордон кыйла айырмаланып турат. Ага ылайык, бейөкмөт уюмдар ачык-айкын иш жүргүзүп, өз бюджетин жарыялоого тийиш.
Комитеттин мүчөсү депутат Исхак Масалиев бул демилгени колдоого алды.
"Мурунку сунушталган мыйзам долбоор толугу менен өзгөрдү десек болот. Азыркы мыйзамга ылайык, чет өлкөлүк уюмдардын жыл сайын отчет берип туруусу каралды. Мыйзам долбоорунда аталган уюмдарга эч жамандык жок", — деди Масалиев.
Ал эми эл өкүлү Дастан Бекешов долбоордо сунушталып жаткан мыйзамды ишке ашыруу механизмдери каралбаганын белгилейт.
"Долбоорго ылайык, бейөкмөт уюмдардын жыл сайын отчет берип туруусу каралган. Бирок бизде миңдеген уюмдар бар. Алар кантип көзөмөлгө алынат? Алгач ушул маселелерди чечүү керек. Мен сунушту колдобойм", — деди Бекешов.
Аталган мыйзам долбоордун демилгечиси, мурунку депутат Турсунбай Бакир уулу учурда каралып жаткан мыйзам долбоору баштапкыга карата кыйла өзгөрүп кеткенине нааразы.
"Мен сунуштаган мыйзам долбоордо чөт өлкөлүк уюмдарды "агент" деп атоо каралган. Анткени алар Кыргызстандын келечегине каршы иштешет. Жылкыны кантип уй деп атайбыз. Бирок учурдагы депутаттар чет элдик уюмдардын кызыкчылыгын коргоп, "агент" дегенди алып салышты", — деди Бакир уулу.
"Чет өлкөлүк уюмдар алган акчалары боюнча мамлекетке отчет берип туруусу керек. Аталган мыйзамды АКШ 1938-жылы, Россия 2012-жылы кабыл алган. Юстиция министрлиги ар бир катталган уюмга лицензия берет. Андыктан аларды көзөмөлгө алсын. Көзөмөлдөө механизми жок дегендер жөн гана жоопкерчиликтен качып жатышат", — деди мурунку депутат.
Ал ортодо укук коргоочу Токтайым Үмөталиева бейөкмөт уюмдар буга чейин эле салык кызматына отчет берип келгенин айтат.
"Бул сунуш жөн гана бюджеттин акчасын коротот. Кыргызстандагы бейөкмөт уюмдар буга чейин эле канча грант алып, канчасы корогону тууралуу салык кызматына, эсептөө палатасына отчет берип келебиз. Бул жөн гана шылтоо", — дейт укук коргоочу.
Анын айтымында, революция жасоого акча алган 3-4 адам бардык бейөкмөт уюмдарга залалын тийгизүүдө.
Ал ортодо коомдук ишмер Эдил Байсалов сунушту кош колдоп колдой турганын билдирди.
Белгилей кетсек, Кыргызстанда 1,5 миӊден ашун чет өлкөлүк коммерциялык эмес уюм иштейт. Мыйзам долбооруна ылайык, чет өлкөдөн каржыланган өкмөттүк эмес уюмдардын баары мамлекеттик каттоодон өтүп, каржылык чыгымдары тууралуу отчет берүү менен аларды жарыялап турууга тийиш.