БИШКЕК, 8-май — Sputnik. Эртең, 9-майда Каракол шаарындагы зоопаркта калаа тургундарына арстан көрсөтүлөт. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине зоопарктын жетекчиси Салтанат Сеитова билдирди.
Март айында Кыргызстанга Дагестандан тогуз айлык Симба аттуу арстандын баласы алынып келген.
"Учурда арстандын абалы жакшырып, аны элге алып чыгуу убактысы келди. Бул окуя Улуу Жеңиш майрамына дал келип жатканы жакшы жышаан", — дейт Сеитова.
Ал 11 айлык Симба салмак кошуп, өңүнө келгенин айтып, эт менен багылып жатканын кошумчалады.