БИШКЕК, 6-май — Sputnik. Бүгүн Нарын облусунда түнкү саат 01.54тө жер титирегенин ӨКМ билдирди.
Маалыматка ылайык, силкинүүнүн очогу Кыргызстандын аймагында, Таш-Булак айылынан 15 чакырым, Ак-Талаадан 18, Нарын шаарынан 20 чакырым алыстыкта жайгашкан.
Нарындын айылдарында жер титирөөнүн күчү 3-3,5 балл болуп сезилген.
Алдын ала маалымат боюнча силкинүүдөн жабыр тарткандар катталган эмес.