БИШКЕК, 3-май — Sputnik. Улуттук опера жана балет театрында Улуу Жеңиш күнүнө карата концерттик иш-чара өткөрүлөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, концерттик кече 8-майда саат 17.00дө башталат.
Анда опера жана балет театрынын солисттеринин катышуусунда "Катюша","Смуглянка", "Жеңиш күнү" сыяктуу аскерий чыгармалар аткарылат.
Концертке кирүү бекер.
Эскерте кетсек, быйыл 9-майда аскердик парад пландаштырылбаганы менен майрамдык иш-чаралар өткөрүлөт.
Мындан сырткары, "Өлбөс полк" жүрүшү 9-май күнү Түштүк дарбазадан башталып, Жусуп Абдрахманов көчөсү аркылуу Фрунзе көчөсүнө чейин түшүп келип, "Жеңиш" аянтындагы Өчпөс отто жыйынтыкталат.