БИШКЕК, 2-май — Sputnik. "Евразиялыктар — жаңы толкун" фонду Канттагы авиабазанын жоокерлери менен офицерлерине аскердик ырлардын концертин уюштурушканын фонддун маалымат кызматы билдирди.
Бул иш-чара Улуу Жеңиштин 71 жылдыгына арналган.
Авиабазанын жүздөгөн аскерлери үй-бүлөсү менен "Синий платочек", "Бухенвальдский набат", "Баллада о матери" ырларын окуучулардын жана студенттердин аткаруусунда угушту.
Фонддун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн директору Владимир Лю жаштар авиабазанын аскерлерине жагымдуу маанай тартуулашты.