Бул сапар Айылга катын КРдин эмгек сиңирген артисти, ырчы жана аткаруучу Алтынай Нарбаева жолдоду.
Бул катты жазуу мен үчүн түйшүктүү, оор, ыйык экендигин сезип турам. …Өзгөн районунда Кызыл-Октябрь деген бейиштин төрүндөй айыл бар. Айылдын четиндеги адырларда ар түркүн мөмө бактар өсүп, күзүндө бир көздүн жоосун алат. Ал эми жерде коон-дарбыз, анделектин түрү берекени өзү эле чакырып турат. Мен ушундай керемет жерде төрөлүп, бой жеттим.
Эми ошол айылдын кары-жашына, бала-чакасына, анан сүйүктүү мугалимдериме кат жолдогону турам.
Бир аз мактана кетсем, чакан эле айылыбыздан союздук масштабда эки баатыр чыккан, бири – Советтер Союзунун Баатыры Осмон Жакыпов жана Социалисттик эмгектин баатыры Мамасалы Тешебаев.
Азыр айыл десем эле сагынычтын узун бир учугу келет. Мен чыгармачыл адам болгондуктанбы, көзү өтүп кеткендерден тарта, азыркы айылдаштарыма, андан сырткары тоо-ташына, көк чөбүнө чейин кусалана бермей адатым бар.
Сагынычтар тизмеги
Адырлар. Айылымдын четиндеги адырларды сагынам, бул жердин топурагына чейин мага ыйык. Бул баа жеткис байлык экендигин билем.
Мени чүнчүткөн классташыма кусалык. Ушул катты жазып жатып эстедим. Мектепте мага ар дайым атаандаш болгон жакшы окуган классташ кызым бар эле. Көп учурда мени кыздардан бөлүп салчу. Кайгырып, кабагым түшүп, бул абалдан чыгуунун жолун көп ойлочумун. Бөлүп салганын мен чоң трагедия кылыптырмын, азыркыча айтканда көп стресске түртүптүр. Бирок үйдөгүлөрдөн бир жанга билгизбей ал мезгилди өткөрдүм. Баамдасам, эркимдин күчтүүлүгү, тырышчаактыгым экен. Эми ошол күндөрдү, мени убайымга салган ошол классташымды да сагынам.
Тизеге жеткен олоң чачтар. Анан да тиземе жетип-жетпеген билектей болгон, эки өрүп койгон узун чачым бар эле. Аны балдар-кыздар тарта берчү, тарта берчү. Кийин ал окуу, турмуш түйшүгү, бала-чака менен суюлуп, түштү. Азыр олоңдой болгон чачымды да сагынам.
Рафик агай, сизге салам жолдойм
Мугалимдеримди сагынам, тилекке каршы, бул дүйнөдөн өтүп кеткендери бар. Бул катты жазып жатканда Рафик Таштанов агайымды өзгөчө эстедим. Ал киши жогорку билимди Казандан алып келип, ошол кездери бизди чоң маданиятка, шедевр чыгармаларды, адабияттын дөө-шааларын окууга, дүйнөлүк классика менен таанышууга, жүрүм-турумубуздун идеалдуу болушуна чарчабай жетелептир. Азыркы ийгиликтеримде бул адамдын салымы абдан чоң. Окутуучумду сагынам. Ушул кат аркылуу сизге дагы бир ирет рахматымды айтып, салам жолдойм, Рафик агай.
"Бир сом" майрамы. Атамдын аркамды тырмап берген куудураган керемет колдору
Атам пенсияга чыкканда үйдө отуруп, мал-келди карап калды. Колу куудурап турчу. Эшиктен чуркап келип буттарына жата калчумун, атам мени жыргатып аркамды тырмап, кашып берчү. Мага анын колдору ушунчалык жакчу эле. Атамдын туурулган ошол колдорун сагынам. Ал киши 85 жашында дүйнө менен кош айтышып кетти.
Ата-энени баары бир эч кимге алмаштара албайт экенсиң, ордун да эч ким баса албайт экен. Жүрөгүңдө түбөлүк туу, желек боюнча калаарын алигүнчө сезип келем. Ушу жашка келип, атамдын бизге үн көтөрүп сүйлөгөнүн эстей албай койдум. Бул балким, ички негизги тарбияны апам бергенден уламдыр.
Эч кимде апасынын тамеки аралашкан жыты жок
Апам Азаданын жети класс билим болсо да, бизди мээримден, камкордуктан кем кылган жок. Ата-энесинин кичинесинен эрте ажырагандыктанбы, айтор, жашык, абдан сезимтал жан болчу.
Биз сегиз бир тууган болгондуктан, апам баарыбызга катар төшөк салып берет эле. Эртең менен ойгонгондо баарыбызды "мени карачы" деп жүзүбүздү бирден көрүп чыгар эле. Кимибиздин көзүбүз киртийип, дене табыбыз көтөрүлүп калса, өзүнчө жаткырып, өзүнчө тамак жасап, ысуулай ичирип, айтор, калган соо балдарынын катарына кошуп алчу. Тишибиз ооруса, элдик медицина жолу менен дарылап алар эле. Таштан төлгө салып, айылдагылар жоготкон малдарынын дайын-дарегин билип кетишчү.
Өмүр менен өлүмдү аңдап билгенде…
Мектепте окуган 3-4-класс кезим болчу. Өлүм деген болорун, адамдар андан буйтап кетпестигин, эртедир-кечтир келерин түшүнгөндө арыктын боюнда барып алып, "апам-атамдар да өлүп калабы" деп көзүм кызарганча ыйлаганым эсимде. Мунумду бир нече ирет байкаган апамдын суроосуна "ичим ооруп жатат" деп кутулчумун. Жүрөгүм ооруй берет эле. Себеби, апам ашказан илдетине чалдыгып, ооруканага барган сайын аёо сезимим күч алган. 83 жашында дүйнө менен кош айтышты.
Эсимде. Кичүү болгондуктанбы, күнөө менден кетсе деле, апам башка бир туугандарымды тыйып, мага болушуп койчу. Ал күндөрүмдү сагынам.
Катка чекит коюп жатып…
Ушул катым аркылуу кичи мекенимди чексиз сүйөрүмдү, жүрөгүмдүн тереңинде катып жүрөрүмдү, ага сагынычым, кусалыгым артып турганын айткым келди. Эмнеден экенин билбейм, бир туугандарымды, жек-жаатымды, мугалимдеримди эстеп ар дайым көзүмө жаш айланып кетерин да айткым келди.
Быйыл Керим Турапов агайымдын Акын Надырбек Алымбековдун сөзүнө жазылган "Айылга кат" ырын ырдап, кичи мекенген болгон кусалыгымды айтып бердим.
Мектепте менин атымда кабинет ачылган, ага колумдан келген жардамды бергенге аракет кылам. Учуп чыккан бул алтын туурумдун социалдык көйгөйлөрүн чечүүгө мүмкүнчүлүгүмө жараша кол кабыш кылып келем. Концерттен түшкөн каражатка айылга суу чыгарып бергенге, ар бир үйдөгү айылдаштарым, бөбөктөрүм таза суу ичип калганына чексиз кубаным жүрөм. Аман болгула, жакшылык, кубаныч дайыма сиздерди дайыма коштоп жүрсүн, менин кичи мекендештерим.
Айылдаштарын жакшы көргөн жана аларды ар дайым сагынган кызыңар, Алтынай Нарбаева.