БИШКЕК, 27-апр. — Sputnik. Легендарлуу советтик жана россиялык журналист Валентин Зорин шаршемби күнү Москвадагы ооруканалардын биринде көз жумду. Бул тууралуу анын туугандары билдиришти.
Акыркы жылдары Зорин "Россия сегодня" эл аралык маалыман агенттигинин баяндамачысы болуп иштеп келген. Ал эми популярдуулукка советтик доордо эле "Эл аралык панорама", "Бүгүн дүйнөдө", "9-студия" аттуу берүүлөрү аркылуу жеткен.
Sputnik агенттигинин башкы редактору Маргарита Симоньян аны "бүтүндөй доор" деп атады.