БИШКЕК, 26-апр. — Sputnik. Эртең мененки саат 9.21де Жалал-Абаддын Тогуз-Торо районунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирет.
Силкинүүнүн очогу Тогуз-Торо районуна караштуу Көш-Дөбө айылынан 35 чакырым, Макмал кыштагынан 60 чакырым алыс жайгашкан.
Кыйроолор жана жабыркагандар катталган эмес.