БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. "Айчүрөк" борбордук дүр-дүйнө дүкөндүн жанына тосмолор коюлуп жатканы тууралуу билдирүүнү Sputnik Кыргызстан агенттигине WhatsApp номер аркылуу окурман жөнөткөн.
Ал аталган аймакта "ансыз да жер аз" болуп жатканда эмне үчүн тосмолор орнотулуп жатканына түшүнө албай жатканын айткан.
ЦУМдун администрациясы Sputnik Кыргызстан агенттигине жооп берип, тосмо аталган имараттын батыш тарабында жайгашкан фонтанды оңдоп-түзөө үчүн коюлуп жатканын белгиледи.
"Фонтандын плиталары оңдолуп, отургучтар жаңырат. Ал эми мажүрүм талдарга тийбейбиз", — деди администрация.
Ремонт иштери бүгүн башталды. Качан аяктай турганы белгисиз.
Эгер сиз кандайдыр бир окуянын күбөсү болсоңуз, аны сүрөткө же камерага тартып алсаңыз, медиафайлдарды +996 706 566 544 Whats App номерине жөнөтсөңүз болот.