БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Адамкул Жунусов Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчилигинен бошотулду. Тийиштүү буйрукка Сооронбай Жээнбеков кол койгонун өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Жээнбековдун башка буйругу менен Бажы кызматынын башчылыгына Азамат Сулайманов дайындалды. Аны жамаатка премьер-министр Жээнбеков өзү тааныштырды.
Сулайманов буга чейин аталган кызмат жетекчисинин орун басары болуп келген.